УКМК террордук идеологияны жайылткан радикалдык топтун ишин токтотту

Төрт адам тергөө абагына киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. "Ислам мамлекети"* эл аралык террордук уюмунун идеологиясын пропагандалап, жаштар арасында террордук мүнөздөгү фото жана видеоматериалдарды жайылтуу менен алектенген радикалдык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Атайын кызмат өлкө аймагынан топтун мүчөсү делген 15 кишини кармаган. Жашаган жерлерин тинтүү учурунда көп сандагы диний адабияттар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалганы белгилүү болду.
"Топтун лидерлеринин бирин Афганстандан келген "Ислам мамлекети" уюмунун мүчөсү социалдык тармактан жалдаган. Ал "ээсинин" көрсөтмөсүн аткарып, башкаларды азгырууга аракет кылган. Алдын ала маалымат боюнча, таркатылып жаткан фото жана видеоматериалдарда халифат курууга, террористтик аракеттерге чакырган, улуттук, расалык, этностук, диний жана региондор аралык кастыкты козутууга жана конституциялык түзүлүштү бузуу менен аны кулатууга үндөгөн белгилер камтылган. Мындан тышкары, ок атуучу куралдарды колдонуу жана колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча окуу роликтери таратылгандыгы аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.
УКМК кармалган төрт адам №1 тергөө абагына киргизилип, топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча комплекстүү тергөө иш-чаралары уланып жатканын кошумчалады.
* — Кыргызстан жана Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм
Сузакта Кыргызстандын желеги өрттөлгөн окуя тергелүүдө