Ош шаарынын жаңы прокурору Бакытбек Сыдыгалиевдин өмүр баяны

Бакытбек Сыдыгалиев 1978-жылы 14-апрелде Нарын шаарында туулган. 2009-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган.
Sputnik
2010-жылы Каракол шаарынын прокурорунун стажер-улук жардамчысы, Ак-Суу районунун прокурорунун стажер-улук жардамчысы, стажер-тергөөчү;
2010-2012 — Чүй облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн стажер-прокурору, прокурор;
2012-2013 — Чүй облусунун Сокулук районунун прокурорунун жардамчысы;
2013-2015 — Токмок шаарынын прокурорунун орун басары;
2015-2016 — Чүй облусунун Кемин районунун прокурорунун орун басары;
2016-2018 — Чүй облусунун Москва районунун прокурорунун орун басары;
2018-2021 — Башкы прокуратуранын башкармалыгын прокурору;
2021-жылы Сокулук районунун прокурору, Чүй облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору;
2021-2022 — Балыкчы шаарынын прокурору;
2022 — Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын прокурору;
2022-2023 — Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурору;
2023 — Ош облусунун Ноокат районунун прокурорунун улук жардамчысы, Өзгөн районунун прокурорунун жардамчысы;
2023-2024 — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун прокурору;
2024-жылдын 12-июнунда Ош шаарынын прокурору болуп дайындалды.
Максат Асаналиев Кыргызстандын башкы прокурору болуп дайындалды