Чүйдүн Садовое айылында жүрөк үшүн алган жол кырсыгынан бир адам каза болду

Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Садовое айылында жүрөк үшүн алган жол кырсыгы катталып, бир адам көз жумду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча Чүй облустук башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин кырсыктын видеосу дагы жарыяланган. Анда Mercedes-Benz Sprinter унаасы кардар салуу үчүн жол четине токтогонун көрүүгө болот. Андан кийин киши маршрутканын багажнигине жүк салып жатканда күтүүсүздөн Honda Stepwgn унаасы чымын-куюн болуп келип алдыдагы бусикке кишини жабыштыра сүзгөнүн көрүүгө болот.
Маалыматка ылайык, окуя 11-июнь күнү саат 6:30дар чамасында Ош — Бишкек унаа жолунан батыштан чыгышты көздөй баратканда 38-чакырымында болгон.
"Honda Stepwgn унаасы Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү автону сүзгөндөн кийин ал алдыдагы Ford Transit машинасына кадалган. Окуядан маршруткага жүк салып жаткан 37 жаштагы адам каза болгон. Андан сырткары, минивэндин жүргүнчүсү жаракат алып, ооруканага кайрылган", — деп айтылат маалыматта.
Баткенде Коргоо министрлигинин кызматкери автокырсыктан каза болду