Садыр Жапаров миссиясын жыйынтыктап жаткан Россия элчисин сыйлады

Мамлекет башчы элчинин иши Кыргызстандагы маанилүү тарыхый өзгөрүүлөргө — саясий, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин сапаттык өнүгүүсүнө туура келгенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

2 / 3

Жапаров элчинин иши Кыргызстандагы маанилүү тарыхый өзгөрүүлөргө — саясий, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин сапаттык өнүгүүсүнө туура келгенин белгилеген

3 / 3

Өз кезегинде Удовиченко ишин жогору баалаганы үчүн Жапаровго ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын жыйынтыгына канааттанганын белгиледи

Жапаров элчинин иши Кыргызстандагы маанилүү тарыхый өзгөрүүлөргө — саясий, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин сапаттык өнүгүүсүнө туура келгенин белгилеген.
"Президент эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы жигердүү кызматташуусунун жыйынтыгы республика боюнча тогуз мектептин курулушу, Кыргыз-Россия Славян университетинин ишин реформалоо процессинин башталышы, Каракол шаарындагы ММУнун филиалынын ачылышы жана ийгиликтүү ишке ашырылган "Чет өлкөдө орус мугалими" программасы болгонун белгиледи. Жапаров эки тараптуу кызматташуунун соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик-техникалык тармактарында да ушундай эле ийгиликтер болгонун айтты", — деп жазылат билдирүүдө.
Өз кезегинде Удовиченко ишин жогору баалаганы үчүн Жапаровго ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын жыйынтыгына канааттанганын белгиледи.
Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Николай Удовиченкону эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлады.
РФ элчиси Николай Удовиченко Кыргызстандагы дипмиссиясын жыйынтыктоодо