Путин: Евразиядагы коопсуздук системасы ШКУ, ЕАЭБ, КМШдагы диалогду талап кылат

Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Евразиядагы коопсуздук системасы боюнча идеяны алдыга жылдыруу үчүн Союздук мамлекетте, ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ жана ШКУда диалогду активдештирүү зарыл. Бул тууралуу Владимир Путин РФ ТИМинин жетекчилиги менен жолугушууда билдирди.
"Евразиядагы коопсуздук системасын илгерилетүү үчүн иштеп жаткан көп тараптуу уюмдардын ортосундагы диалогду активдештирүү керек. Кеп биринчи кезекте Союздук мамлекет, Жамааттык коопсуздук келишими уюму, Евразия экономикалык биримдиги, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, Шанхай кызматташтык уюму тууралуу болууда. Алдыда бул процесстерге Түштүк-Чыгыш Азиядан Жакынкы Чыгышка чейин башка таасирдүү евразиялык бирикмелердин кошуларын четке какпайбыз", — деди Путин.
Путин: Европа Россия менен жакшы алакада болсо өзүн сактап кала алат