Путин: дүйнө кайтпай турган чегине жакындап калды

Россия лидери Батыштын Россиянын аймагына сокку уруу туурасындагы чакырыктарына комментарий берген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин дүйнө кайтпай турган чегине жакындап калганын Батыштын Россияга стратегиялык чабуул коюу туурасындагы чакырыктарына пикирин билдирип жатып айтты.
"Дүйнөдөгү ири өзөктүк куралдын арсеналына ээ болгон Россияга стратегиялык жактан чабуул коюуга чакырган кеп-сөздөр Батыш саясатчыларынын чектен чыккан авантюризмин көрсөтүүдө. Же алар өздөрү жаратып жаткан кооптуулуктун канчалык деңгээлде экенин түшүнө алышпайт, же жазасыз калышына таптакыр эле ишенип алышкан. Мунусу да, анысы да трагедия менен аякташы мүмкүн", — деген Путин РФтин ТИМ жетекчилиги менен жолукканда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Москва Батыштын куралдарын Россияга колдонуунун кесепетин эскертет