Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Киев менен сүйлөшүүнүн шартын атады

РФ лидеринин айтымында, тынчтык келишимин эл аралык макулдашуу, Россияга каршы санкциялардын жоюлушу менен бекитүү зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин өлкө ТИМинин жетекчилиги менен жолугушууда Киев менен сүйлөшүүнүн шарттарын атады.
Анын айтымында, Москва дайым тынчтыкка умтулуп келген. Президент бул азыр эле пайда боло калбаганын, Россия эбактан эле ушундай позицияны карманып келгенин белгиледи.
"Биринчи кезекте Украина Куралдуу күчтөрүн Россиянын Донецк, Луганск республикаларынан, Херсон жана Запорожье облустарынан чыгарып кетиши керек. Украина аталган аймактарды толук бошотуп чыгып, НАТОго кирүүдөн баш тарта турганын жарыялаары менен биз ошол секундада ок атууну токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого буйрук беребиз", — деди Путин.
РФ лидери муну менен дагы бир ирет тынчтыкка келүүнүн жолун сунуштап жатканын, бирок Батыш менен Киев баш тарта турган болсо мындан аркы кан төгүлүүнүн жоопкерчилиги алардын мойнунда болорун эскертти.
"Украинанын демилитаризацияланып, денацификацияланышы, анын нейтралдуу, блоктон тышкаркы макамы — бул биздин принципиалдуу позициябыз. Кеп жаңжалды убактылуу эмес, биротоло токтотуу тууралуу болуп жатат. Тынчтыкка келүү боюнча макулдашуу эл аралык келишимдер менен бекитилиши зарыл. Анан, албетте, Россияга каршы салынган санкциялар алынышы керек", — деди Путин.
Путин: Евразиядагы коопсуздук системасы ШКУ, ЕАЭБ, КМШдагы диалогду талап кылат