Нарында 78 млн. сомго спорт комплексин куруу пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Нарын шаарында жаңы спорт комплексин курууга 77,7 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу маалымат электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Мамлекеттик курулуш комитетине караштуу Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы сатып алуучу тарап болуп саналат. Курулуштун аяктоо мөөнөтү жөнүндө конкреттүү маалымат жок. Каржылоо республикалык бюджеттен каралгандыктан тараптар бекиткен календарлык графикке ылайык жүргүзүлөт.
Аткаруучунун арызынын кепилдик өлчөмү 7 пайыз, ал эми анын жарактуу мөөнөтү 90 күн.
Буйрутманы аткаруучу объектинин курулушуна, санитардык, экологиялык нормалардын жана курулуштун техникалык коопсуздук нормаларынын сакталышына күнү-түнү видеокөзөмөлдү уюштурууга тийиш. Анын сунушу 60 күн бою күчүндө болот.
Ысык-Көлдө кубаттуулугу 7,5 мегаваттык Барскоон кичи ГЭСи курулат