Радио

Өмүрбекова: педагогдор менен юристтердин дипломдору ЕАЭБде таанылат

Евразия экономикалык комиссиясынын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова биримдик алкагында медиктердин дипломдорун таануу каралып жатканын айтты.
Sputnik
Евразия экономикалык биримдигине мүчө беш өлкө мындан ары педагогикалык жана юридикалык билимди тастыктаган дипломдорду ич ара тааныйт. Бул тууралуу Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, биримдикке мүчө өлкөлөр ортосунда башка кесиптердин дипломун таануу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
"Евразия экономикалык биримдигине мүчө беш өлкө өз ара юридикалык жана педагогикалык кесип боюнча дипломдорду тааныйт. Бул багыттын адистери беш өлкөнүн кайсынысында болсо да кайра окутуудан өтпөй эле иштеп кете алышат. Алдыда медиктердин жана фармацевттердин билимин тастыктаган документтерин таануу боюнча маселе каралууда. Бул кесип ээлерин окутуп даярдоодо айырмачылыктар бар болгондуктан учурда билим берүү жаатындагы айрым жагдайларды теңдештирүү иштери тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө. 2025-жылдын соңуна чейин бул иштер жыйынтыкталышы мүмкүн",— деди Өмүрбекова.
Ал, мындан сырткары, ЕАЭБ алкагында илимий даражалар да бирдиктүү макамга ээ экендигин кошумчалады.