Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун маршруту белгилүү болду. Карта

Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун так маршруту белгилүү болду.
6-июнда кол коюлган макулдашууда жол Кашкар — Торугарт — Макмал — Жалал-Абад — Анжиян маршруту боюнча салынары айтылат. https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg/24847
Долбоордун Кыргызстандын аймагындагы бөлүгүн ишке ашыруу үчүн (жумуштун негизги бөлүгү) биргелешкен долбоордук компания түзүлөт. Анда үлүштөр төмөнкүдөй бөлүнөт:
"Кытай темир жолу" — 51%;
"Кыргыз темир жолу" — 24,5%;
"Узбекистон темир йуллари" — 24,5%.
Тараптар жолдун Кыргызстанда салына турчу бөлүгү боюнча жоопкерчиликти Кытайга жүктөдү.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу августта башталмай болду