Улуттук банк үч айдын ичинде биринчи жолу доллар сатты

Кыргызстанда экинчи күн катары менен доллардын наркы көтөрүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бир күн мурун Улуттук банк валюта рыногунда 6 миллион 650 миң доллар сатты.
Эске салсак, Улуттук банк валютанын курсун жөндөө үчүн чет элдик валютаны сатуу жана сатып алуу менен алектенет.
Доллар эки күндөн бери кымбаттоодо. Шаршембиде 87,5 сомдон сатылса, бейшемби күнү 87,8 сомго чейин көтөрүлүп, бүгүн 88 сомго жетти.
Акыркы жолу Улуттук банк 12-мартта валюта сатса, андан кийин 9 жолу сатып алган.
Жалпысынан ушул жылдын башынан бери финансылык жөнгө салуучу 12 интервенцияны ишке ашырды:
үч жолу доллар саткан — суммасы 38,5 миллион доллар;
тогуз жолу сатып алган — суммасы 202 миллион 450 миң.
Мосбиржага каршы санкциялар. Улуттук банк Кыргызстандагы валюта рыногу тууралуу