БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргыз гидрометеорология агенттиги июлда өлкө аймагында абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болорун айтып, аба ырайы тууралуу божомолун таратты.
Чүй облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп +23…+25 градус, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондорунда +17…+19 градус болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +11…+16дан тарта +20…+25 градуска чейин өзгөрүп турат. Күндүз +24…+29дан баштап +34…+39 градуска чыгат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (норма Чүй өрөөнүндө 20-23 мм, тоо этектериндеги райондордо 50-57 миллиметрди түзөт).
Ош дубаны
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп +25…+27, тоо этектериндеги райондордо +20…+22 градус болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +12…+17ден тарта +20…+25 градуска, күндүз +24…+29дан баштап +34…+39 градуска чейин чыгат.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +9…+14төн тарта +16…+21 градуска болсо, күндүз +22…+27ден тарта +32…+37 градуска чыгат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 9-18 мм, тоо этектериндеги райондордо 26-46 мм).
Жалал-Абад облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп +25…+27, тоо этектериндеги райондордо +20…+22 градус болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +12…+17ден тарта +20…+25 градуска, күндүз +24…+29дан баштап +34…+39 градуска чейин чыгат.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +9…+14төн тарта +16…+21 градуска чейин болсо, күндүз +22…+27ден +32…+37 градуска чыгат. Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +8…+13төн тарта +17…+22ге чейин, күндүз +22…+27ден баштап +32…+37 градуска чейин чейин өзгөрүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 11-13 мм, Токтогулда 28-30 мм, тоо этектериндеги райондордо 54-64 мм).
Баткен аймагы
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп +25…+27, тоо этектериндеги райондордо +20…+22 градус болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +12…+17ден +20…+25 градуска чейин, күндүз +24…+29дан баштап +34…+39 градуска чейин чыгат.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +9…+14төн тарта +16…+21 градуска чейин болсо, күндүз +22…+27ден +32…+37 градуска чыгат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (10-12 мм, тоо этектериндеги райондордо 21-23 мм).
Ысык-Көл өрөөнү
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп +17…+19 градустун тегерегинде турат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +6…+11 градустан тарта +15…+20 градуска чейин, күндүз +17…+22 градустан +27…+32 градуска чейин ысыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (29-39 мм, чыгышында 48-56 мм).
Нарын облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп +17…+19 градуска жетет. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3…+8 градустан +12…+17 градуска чейин, күндүз +17…+22ден көтөрүлүп, +27…+32 градуска чейин чыгышы ыктымал.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (33-42 мм).