Байден Италиядагы саммит учурунда эки ирет калпыстык кетирди. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден G7 саммити учурунда Италиянын премьер-министри Жоржа Мелонини эки ирет ыңгайсыз абалга калтырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Америка лидери биринчи ирет иш-чаранын алдында кечигип келип, көптүн көзүнө түшкөн. Мелони аны 20 мүнөткө жакын күткөн.
"Аялды мынчалык күттүрбөшүңүз керек эле", — деген Байденге премьер-министр.
Экинчи окуя парашютчулар секиргенде болгон. Аскерлер жерге келип түшкөндөн кийин жоон топ болуп турган G7, Еврокомиссия жана Европа кеңешинин лидерлеринин арасындагы Байден парашютчулардын жанына келип бир нерсе деп сүйлөп баштаганда, Мелони аны чыканактан кармап, өздөрүн көздөй чакырган.
Байден АКШнын эң улгайган президенти, учурда сексен жаштан ашып калды. Атаандаштары анын ыңгайсыздык жараткан же күлкүлүү кырдаалга кабылган учурларына себеп карылыгы жана ден соолугунун соо эместиги деп айтып келишет.
Байдендин күтүүсүз кадамы Индонезиянын президентин таңгалдырды. Видео