G7 Россияга чектөөлөрдүн эбин табууга жардамдашкан өлкөлөргө сес көрсөттү

"Чоң жетилик" каржы институттарын Россияга колдоо көрсөтүүдөн, андан пайда алуудан карманууга чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. G7 Россияга киргизилген чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө жардам берген субъектилерди "чечкиндүү чаралар" менен коркутуп, каржы институттарын Россияны колдоодон жана андан киреше табуудан карманууга чакырат. Бул тууралуу "Чоң жетиликтин" Италиядагы саммитинин жыйынтыктоочу билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости агенттиги жазды.

"Россияга биздин санкциялардын эбин таап кетишине жардам берген субъектилерге каршы чечкиндүү чараларды көрөбүз, анын ичинде РФке материалдык колдоо көрсөтүүнү тезинен токтотпогондордун баарына олуттуу чектөөлөрдү киргизүү жолу да бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле документте "каржы институттарын россиялык аскердик машинага колдоо көрсөтүүдөн жана андан пайда көрүүдөн карманууга чакыра турганы, мындай иш-аракеттерди токтотуу үчүн кийинки кадамдар жасалары" эскертилген.
Агенттиктин маалыматы боюнча, саммитте G7 Украинага Россиянын активдеринен түшкөн кирешенин эсебинен насыя берери белгилүү болгон. "Чоң жетилик" Украинага жыл аягына чейин РФ активдеринен түшкөн кирешенин эсебинен төлөнө тургандай кылып 50 миллиард доллар насыя берүүнү убадалаган.
Мындан тышкары, Россиянын суверендүү активдери ошол бойдон калтырылары белгиленген.
Путин: Европа Россия менен жакшы алакада болсо өзүн сактап кала алат