15-июнга карата аба ырайы

15-июнда республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Ишембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, ала булут каптайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 29…34, Талас аймагында 26…31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 31…36, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө 21…26 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте 30…32 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында 33…35, Чолпон-Атада 22…24 градусту көрсөтөт.
Июлга карата аба ырайы. Ысык 39 градуска чыгат