ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү бирдиктүү пенсия системасында документтерди жүгүртүү электрондошот

Sputnik
Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бирдиктүү пенсия системасы ишке кирген. Ага ылайык эми уюмга мүчө беш өлкөнүн жарандары кайсы мамлекетте иштебесин, уюмдун бирдиктүү системасынын негизинде пенсияга чыга алышат. Пенсияга чыгууда ошол мүчө беш мамлекеттин кайсынысында болсо, ошол өлкөнүн улуттук мыйзамдарынын негизинде ишке ашат. Ошондой эле төлөм да аталган мамлекеттин улуттук валютасы менен жиберилет. ЕАЭБ алкагында баар акы алууда документ жүгүртүү иштерин электрондоштурууга аракеттер көрүлүүдө.
Биримдиктин 10 жылдыгын жыйынтыктап жатып, дагы кандай иштер аткарылганын бизге Социалдык фонддун пенсия чектөө жана кайра эсептөө башкармалыгынны башчысы Бактыгүл Ашымалиева айтып берди