Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун так маршруту белгилүү болду. 6-июнда кол коюлган макулдашууда жол Кашкар — Торугарт — Макмал — Жалал-Абад — Анжиян маршруту боюнча салынары айтылат.Долбоордун Кыргызстандын аймагындагы бөлүгүн ишке ашыруу үчүн биргелешкен долбоордук компания түзүлөт. Анда "Кытай темир жолу" — 51%; "Кыргыз темир жолу" — 24,5%; "Узбекистон темир йуллари" — 24,5% улушко ээ болот.Тараптар жолдун Кыргызстанда салына турчу бөлүгү боюнча жоопкерчиликти Кытайга жүктөдү.
Чыңгыз Ахматов Ош облусунун прокурору болуп дайындалганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Облустук көзөмөл органынын жаңы жетекчиси жамаатка тааныштырылды. Ал эми Бакытбек Сыдыгалиев Ош шаарынын прокурору болуп дайындалды.Чыңгыз Ахматов эмгек жолун 2004-жылы Талас облусунун прокуратурасында баштаган. Учурдагы кызматка дайындалганга чейин Кызыл-Кыя шаарынын прокурору болуп келген.Бакытбек Сыдыгалиев 2010-жылы Ысык-Көл жана Чүй облустарынын прокуратураларында иштеп баштаган. Ал азыркы кызматка дайындалганга чейин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун прокурору болуп иштеген.
"Ислам мамлекети"* эл аралык террордук уюмунун идеологиясын пропагандалап, жаштар арасында террордук мүнөздөгү фото жана видеоматериалдарды жайылтуу менен алектенген радикалдык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.Атайын кызмат өлкө аймагынан топтун мүчөсү делген 15 кишини кармаган. Жашаган жерлерин тинтүү учурунда көп сандагы диний адабияттар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалганы белгилүү болду. "Топтун лидерлеринин бирин Афганстандан келген "Ислам мамлекети" уюмунун мүчөсү социалдык тармактан жалдаган. Ал "ээсинин" көрсөтмөсүн аткарып, башкаларды азгырууга аракет кылган. Алдын ала маалымат боюнча, таркатылып жаткан фото жана видеоматериалдарда халифат курууга, террористтик аракеттерге чакырган, улуттук, расалык, этностук, диний жана региондор аралык кастыкты козутууга жана конституциялык түзүлүштү бузуу менен аны кулатууга үндөгөн белгилер камтылган. Мындан тышкары, ок атуучу куралдарды колдонуу жана колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча окуу роликтери таратылгандыгы аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.
Казань шаарында өтүп жаткан БРИКС оюндарында самбочу Канышай Аманкулова коло медалга ээ болгонун Маданият министрлиги билдирди. Маалыматта кыргызстандык спортчу 59 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашканы айтылат. Коло үчүн беттеште Аманкулова вьетнамдык атаандашын жеңип алды. Бул — Кыргызстандын БРИКС оюндарындагы алгачкы медалы. Эскерте кетсек, 12-июнда старт алган ири спорттук иш-чарага Кыргызстандан 100дөн ашуун спортчу барган. Алар спорттун 14 түрү боюнча ат салышууда.
Пентагондун аудитору кайрадан АКШнын Украина үчүн деген курал-жарагы 1,9 миллиард долларга кымбат бааланганын аныктады. Бул тууралуу департаменттин башкы инспекторуна шилтеме берип РИА Новости жазды. "Коргонуу беренелерин кароо учурунда курал-жарактардын баасы 1,9 миллиард долларга кымбат бааланганы ачыкталды. Бул сумма — мурда жарыяланган 6,2 миллиард доллардан тышкаркы каражат. Мындай нерсе министрлик менен анын структуралары генералдык инспектордун көрсөтмөсүнө ылайык саясатты толук ишке ашыра албаганын көрсөтүп турат", — деп жазылган көзөмөлдөөчү ведомствонун отчетунда.