Пикник мезгили. Курч вирустук кене энцефалитини кантип алдын алабыз?

Sputnik
Бизге маалым болгондой, жаз мезгилинде бардык нерсе жанданат. Күн жылып, жаздын келиши менен биз адамдар таза абага чыгып, сейилдөөнү көбөйтөбүз. Айрыкча шаардын ызы-чуусунан чарчаган шаар тургундары жаратылыштын койнунда эс алгандан ырахат алабыз. Ушул маалда кенелер ойгонуп, майда курт-кумурскалар да чыга баштайт. Алардан ар кандай оорулар жугушу мүмкүн.
Биз бүгүн кене аркылуу жуккан кене энцефалити оорусу тууралуу маек курдук.