14-июнь Кан донорлорунун бүткүл дүйнөлүк күнү. Бүгүнкү күндө донорлорго муктаждык канчалык деңгээлде

Sputnik
14 июнь - Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү. Бул жаш эл аралык майрамдардын бири болуп саналат. Бул күн ыктыярдуу кан тапшырууга болгон чоң муктаждыкка жооп берип, башка адамдарды куткаруу үчүн кан тапшыргандарды урматтоого мүмкүнчүлүк берет. Майрам дүйнө жүзүндөгү элдерди жашоонун эң оор мезгилинде бири-бирине жардам берүүгө үндөйт. Кан дорлорунун бүткүл дүйнөлүк күнү биздин өлкөдө 2015-жылдан тартып майрамдалып келет. Бул датаны утурлай бизде жыл сайын ар кандай иш чаралар өтөт.
Быйыл да иш чаралар уюштурулуп жаткандыгы, кан донору кимдер боло алары жана ага болгон муктаждык тууралуу Республикалык кан борборунун чыгуу бригадасынын бөлүм башчысы Назгүл Кубатбекова.