Өлкөнүн биотүрдүүлүгүн изилдөө иштери кандай жүрүүдө?

Sputnik
Жер шарынын фаунасынын эки пайызга жакыны, флорасынын үч пайызга жакыны биздин өлкөдө катталгандыгы Кыргызстандын бай жаратылышынан кабар берет. Территориясы чакан болгону менен дүйнөлүк экология маселесинде орчундуу орунду ээлеген мекенибиздин биотүрдүүлүгү жетиштүү деңгээлде корголуудабы? Сактоо, көбөйтүү иштери кандай жүрүүдө? Илимде жаңы түрлөр пайда болуп, жок болуп кеткендери тизмеден чыгарылып каттоо, иликтөө иштери өз убагында аткарылуудабы?
Биздин ушул жана башка суроолорубузга Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун директору Жамиля Карабекова “Күн башат” программасынын алкагында жооп берди.