ЖК электрондук тамекиге тыюу салуучу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Мыйзам долбооруна ылайык, суюктук куюлуучу электрондук тамекилерди алып кирүүгө тыюу салынат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Жогорку Кеңеши "Жарандардын ден соолугун тамеки чегүүдөн, никотинди керектөөдөн, экологиялык тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү биринчи окууда жактырды.
Документтин автору депутат Шайырбек Ташиев буга чейин Кыргызстанга электрондук тамекини киргизүүгө тыюу салууну жана аны колдонууга чектөө киргизүүнү сунуштаган.
Демилгечи электрондук тамекилерде никель, хром жана коргошундун өлчөмү нормадан ашык болуп чыкканын, бул нерсе дем алуу органдарынын ооруларына, онкологиялык же мээ илдеттерине алып келерин билдирген изилдөөнүн жыйынтыгына таянган.
Мыйзам долбооруна ылайык, суюктук куюлуучу электрондук тамекилерди алып кирүүгө тыюу салынат.
Эреже бузулса 1,5 миңден 2 миңге чейинки эсептик көрсөткүчтө (150-200 миң сом – ред.) айып салуу же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу сунушталууда.
Мындан тышкары, белгиленбеген жерлерде вейп чегүүгө тыюу салуу каралган. Эреже бузулганда жеке жактарга 40 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып салынат.
Атайын суюктук толтургучтары бар электрондук тамекилерди сатууда жеке жактар 50 миң сом, юридикалык жактар 65 миң сом айыпка жыгылат.
Радио
Стоматолог вейп, насвайдын тишке келтирген зыянын тизмектеди