Ташиев таң атпай ишке чыккан инспекторго 100 миң сом берди. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Таңга маал жалгыз иштеп жаткан жол инспектору Амангелди Көлбаев Камчыбек Ташиевден 100 миң сом белекке алды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Аны бүгүн саат 05:30да жумушуна бараткан Камчыбек Ташиев (Оманда өткөн футболдон кийин келе жаткан) көрүп, кенже сержанттын ишине ичи жылыган.
"Ар бир мамлекеттик кызматкер Кыргызстан үчүн берилгендик менен ар бир саатын кызмат үчүн арнап, талыкпай эмгек кылууга милдеттүү", — деген Ташиев.
УКМК төрагасы Көлбаевге белек жана 100 миң сом тапшырган.
Кубанып, секирип, сүйүнүп... Ташиевдин футбол оюнунан кийинки видеосу