Россиялык төрт аскер кемеси Кубага келди. АКШдан буга эмне дешти

Россиялык төрт кемеден турган тактикалык топ кечээ Атлантикада таамай тийүүчү ракеталык куралдарды сынаган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Россиянын Аскер-деңиз флотунун кемелери Кубага келгени азыркы геосаясий кырдаал 1962-жылдагы Кариб деңизиндеги кризисти эске салат. Ал кезден айырмасы — бүгүн Американын кансыз согуш учурундагыдай кубаты жок. Бул туурасында АКШ Куралдуу күчтөрүнүн отставкадагы полковниги Лоуренс Уилкерсон интервью учурунда айтканын РИА Новости жазды.
"1962-жылы ушундай эле кырдаалга туш болгонбуз. Ал кездегиден айырма — бүгүн бир топ алсызыраакпыз. Мааниге ээ болгон бирден-бир күчүбүз — беш миңден ашык өзөктүк куралыбыз бар. Бирок кырдаал күн өткөн сайын начарлап бара жатат", — деген Уилкерсон.
Россиялык төрт кемеден турган тактикалык топ кечээ Атлантика океанында таамай тийүүчү ракеталык куралдарды сынаган. Алар 12-17-июнь аралыгында Гавананын портунда расмий сапар менен болушмакчы. Россиялык моряктар Кубанын Аскер-деңиз флотунун командачылыгы Гавананын губернатору менен жолугуп, тарыхый жана маданий жайларга барышат.
Россиянын Аскер-деңиз флотунун башкы командачысы Александр Моисеев РИА Новостиге Кубанын аймагына кирүү эл аралык кызматташуунун алкагында жасалганын жана алыскы жүрүштөр боюнча коюлган максаттардын бири экенин айткан.
Кубанын ТИМи россиялык кемелердин сапары боюнча комментарий берип жатып, бул кадам Гавана менен Москванын достук маанайдагы мамилелерине жана эл аралык эрежелерге туура келерин белгиледи. Ведомство кемелердин бири да өзөктүк куралды ташып жүрбөгөндүгүн жана аймакка кооптуулук жаратпай тургандыгын айтты.
Россия коркутпайт, бирок... Элчи Антонов өзөктүк машыгуулар боюнча эскертти