Уюмдун ролу дүйнөдө тездик менен жогорулоодо. Путин БРИКС-2024 оюндарын ачты

Мелдешке 93 мамлекеттен беш миңге жакын адам катышары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Казань шаарында Россияда өтчү БРИКС-2024 оюндары башталып, аны РФ президенти Владимир Путин ачканын РИА Новости жазды.
Мамлекет башчы БРИКСтин ролу дүйнөдө тездик менен жогорулап баратканын белгилеген.

"Бул оюндарга кызыгуу артып, кеңири жайылып жана жагымдуулугу да өсөт деген ойдомун. Себеби алар саясий кийлигишүүдөн жана жасалган басымдан сырткары туруп, дүйнө жүзү боюнча спортчуларды чындап бириктирүүчү мелдеш катары болот деп ишенем”, — деген ал иш-чаранын катышуучулары менен конокторуна жасаган видеокайрылуусунда.

БРИКС-2024 оюндарына Кыргызстандын спортчуларын кошкондо 93 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, 12-24-июнь аралыгында өтмөкчү. Мелдешке беш миңге жакын адам катышары күтүлүүдө. Алар спорттун 27 түрү боюнча медалдын 387 комплектиси үчүн ат салышат.
Обочолонуу тууралуу кеп болгон жок. Петербургдагы эл аралык форум кандай өттү