Ош шаарынын жана Ош облусунун прокурорлору дайындалды

Кызматкердин портфели. Архив
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Чыңгыз Ахматов Ош облусунун прокурору болуп дайындалганын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Облустук көзөмөл органынын жаңы жетекчиси жамаатка тааныштырылды. Ал эми Бакытбек Сыдыгалиев Ош шаарынын прокурору болуп дайындалды.
Чыңгыз Ахматов эмгек жолун 2004-жылы Талас облусунун прокуратурасында баштаган. Учурдагы кызматка дайындалганга чейин Кызыл-Кыя шаарынын прокурору болуп келген.
Бакытбек Сыдыгалиев 2010-жылы Ысык-Көл жана Чүй облустарынын прокуратураларында иштеп баштаган. Ал азыркы кызматка дайындалганга чейин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун прокурору болуп иштеген.
Портфельчен мамлекеттик кызматкерлери. Архив
Башкы прокурор Максат Асаналиевдин орун басарлары дайындалды