Ошто милициянын 32 жаштагы улук лейтенаты көз жумду. Чоо-жайы

Кожомберди уулу 2018-жылдан бери ички иштер органдарында кызмат өтөп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Ошто милиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу калаанын ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Улук лейтенант Уланбек Кожомберди уулу туристтик взводдо кызмат өтөп келген. 4-июнь күнү саат 21:30дар чамасында аны Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу коюп кеткен.
"Милиционер кафенин тушундагы жол чийинден өтүп баратканда кырсыкка учураган. Уланбек Кожомберди уулу кечээ, 12-июнда, ооруканадан үзүлдү. Б.Д. аттуу айдоочу кырсык болгон учурда соо болгон. Автоунаасы айып короого токтотулуп, экспертизалар дайындалды", — деди ИИБ.
Уланбек Кожомберди уулу 32 жашта, артында эки баласы калды. 2018-жылдан бери ички иштер органдарында кызмат өтөп келген.
Баткенде Коргоо министрлигинин кызматкери автокырсыктан каза болду