УКМК Ош мэринин мурунку жардамчысын ишкерлерден акча алып турган деп кармады

Шектүүнүн аракеттеринен жалпы жонунан 10 миллион сомдук зыян келтирилген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. УКМК Ош мэринин мурунку жардамчысын ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылып алып турган деп кармаганын кабарлады.
Маалыматта А.К.С. аттуу жаран кызматта турган мезгилинде коркутуу жана кысым көрсөтүү менен, ошондой эле ар кандай текшерүүлөрдү уюштурам деп опузалап ай сайын Ош шаарынын борбордук базарынын директорунан 400 миң сомдон алып турганы аныкталганы айтылат. Мындан тышкары, былтыр Эгемендүүлүк күнүн жана Ош шаарынын күнүн белгилөө үчүн майрамдык иш-чараларга деп И.Н.И. аттуу жарандан 6,4 миллион сом алган. Буга кошумча, кызматтык абалынан пайдаланып опузалоо жолу аркылуу Ош шаарынын башка ишкерлеринен да өзгөчө ири өлчөмдө акча алганы далилденген.
"А.К.С. кызматынан пайдаланып алган акчасынын ордуна жардам жана колдоо көрсөтүүнү убадалаган. Натыйжада мамлекетке келтирген зыяны 10 миллион сомго жеткен. Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүмү ("Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү эки айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына киргизилди", — деп жазылат кабарда.
Атайын кызмат ушу тапта коррупциялык схемага тиешеси бар башка тараптарды аныктоо аракеттери жүрүп жатканын кошумчалап, А.К.С. тарабынан кысымга учураган жарандар менен ишкерлер болсо УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына (Ош шаары, Баялинов көчөсү, телефон: 7-32-32) кайрылууга чакырган.
УКМК пара алып жаткан жеринен ТЭЦтин кызматкерин кармады