Радио

Иманбекова: спектаклдин билеттери бир ай мурун сатылып кетет

Чыңгыз Айтматов атындагы Орус улуттук драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Алтынай Иманбекова театрдын ишмердиги тууралуу айтып берди.
Sputnik
2024-жылдын башынан баштап 8 спектакль койгон орус драма театры 1972-жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өтө элек болчу. Бул тууралуу Алтынай Иманбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда театрдын чоң залы оңдоо иштерине жабылып, жамаат жаңы оңдолгон чакан залда иштеп жатышат.
"Жакында Новосибирск шаарына гостролдоп барып келдик. Программа Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" чыгармасынын негизинде коюлган мифологиялык поэма менен башталды. Ал эми 2-3-июнда Александр Пушкиндин "Пиковая дама" повести боюнча фарс жанрындагы спектакль жана Владимир Гуркиндин "Любовь и голуби" лирикалык комедиясы коюлду. "Красный факел" театрында ойнодук. Зал толтура киши келди. Ал жактын көрүүчүлөрү биздикинен бир аз айырмаланат экен. Бирок биздин артисттердин ойногону, спектаклдерибиз аларга жакты. Ыраазычылыгын айтышты. 2025-жылдын сентябрында Новосибирск мамлекеттик академиялык "Красный факел" театры Кыргызстанга келе турган болду. Новосибирск шаарына 2004-жылдан бери бара элек экенбиз. "Любовь и голуби" спектаклин Москвадан чакырылган Филипп Хитров койгон. Калган эки спектаклдин режиссеру — көркөм жетекчибиз Вячеслав Витих. Ал эми жыл башында Ысык-Көл облустук театрына гастролго барып келгенбиз. Эл абдан жакшы кабыл алды. Көп жылдардан бери бара элек болчубуз. Мындан ары кызматташып турууну сүйлөштүк. Негизи эле спектаклдерибиздин билеттери тез эле калбай калат. Мисалы, "Мастер жана Маргарита" спектаклиники бир ай мурун сатылып кетет. Буларды репертуардык план боюнча бир айда эки жолу көрсөтөбүз. Көрүүчүлөрүбүз көп, көбүнчө улуу муундар келет. Театр бүгүн өзүн каржылоого жетишип калды. Таланттар өсүп жатат", — деди Иманбекова.
Ал театрга келген жаштардын саны да көбөйгөнүн кошумчалады.