Мосбиржага каршы санкциялар. Улуттук банк Кыргызстандагы валюта рыногу тууралуу

Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашып, Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү болгон өлкөлөрдүн каржы рыногундагы өзгөрүүлөрдүн ички экономикага таасири чоң болбой турганын белгилешти.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногундагы кырдаалга комментарий берди.
Эске салсак, 13-июндан тарта Москва биржасы АКШнын санкциялык тизмесине киргендигине байланыштуу доллар жана евро менен соода жүргүзүүнү токтоткон.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, өлкө ичиндеги валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда.
"Валюта саясатын жүргүзүүдө Улуттук банк өзгөрүлмө алмашуу курсунун режимин карманат, ал валютага болгон суроо-талаптын жана сунуштун негизинде акчанын баасын аныктайт", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын Улуттук банкы ички валюта рыногунда жана тышкы финансы рынокторунда калыптанган кырдаалга дайыма мониторинг жүргүзүп турарын кошумчалаган.
13-июнда Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү учурдагы кырдаал боюнча пикир алмашып, Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү болгон өлкөлөрдүн каржы рыногундагы өзгөрүүлөр ички экономикага аз-маз гана таасир тийгизерин белгилешти. Анткени республиканын банк сектору финансы секторунун туруктуулугун сактоо үчүн жетиштүү ресурска ээ.
Кыргызстандын Улуттук банкы зарыл болгон учурда акча-кредит саясатына тиешелүү чараларды көрө турганын белгилеген.
Песков: Борбордук банк валюта рыногундагы туруктуулукту камсыздай алат