Мосбиржа доллар, евро менен соодасын токтотту. Чоо-жайы

Финансылык регулятор жарандар менен компаниялардын эсептердеги каражаты жана АКШ доллары, евро түрүндөгү аманаты сакталган тейде турарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Москва биржасы 13-июндан тарта АКШнын кезектеги санкциясынын кесепетинен улам доллар, евро менен сатууну токтотту.
"Валюта жана кымбат баалуу металлдар рыногунда соода АКШ доллары менен еврону кошпогондо бардык каражаттар менен жүргүзүлүп жатат", — деп айтылган Мосбиржанын билдирүүсүндө.
Маалымат кызматы фондулук жана акча рыногунда, аны менен катар эле стандартташтырылган өндүрүштүк финансылык каражаттар рыногунда соода АКШ доллары, еврону кошпогондо бардык инструменттер менен жүргүзүлөрүн белгиледи. Ыкчам операциялар жасалчу рынокто процесс адаттагы режимде кете берет.
Мосбиржадан активдин баасы өзгөрүп турган шартта сооданы үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн бардык каражаттар бар экендигин айтышты.
"Башкы максатыбыз — финансылык рыноктун ишин жана андагы катышуучулар жүргүзүп жаткан операциялардын ишенимдүүлүгүн камсыздоо. Жаңы көйгөйлөр чыккан учурда биржа кардарларга соода аянтында бардык сегменттерге жеткиликтүү шарт түзүп берүүнү улантат", — деп айтылат.
Ал арада Мамдума Мосбиржага санкциялардан улам доллар менен иштөөнүн жаңы форматын берди. Бул тууралуу Мамдуманын экономикалык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Михаил Делягин айтканын РИА Новости жазды.
Парламентарий соода өлкөнүн ичинде жүрүп жатканын белгилеген. Анын пикиринде, биржанын иши "жөнгө салынат, соода улана берет, болгону ага убакыт керек".
Делягин Мосбиржанын жаңы регламент жазышы зарылдыгын, мындан сырткары, соода башка аянтчага көчүшү мүмкүндүгүн айтты.
Буга чейин РИА Новости РФтин Борбордук банкы 13-июнда Россияда гонконг доллары менен сооданы токтото турарын, Мосбиржада валюта жана баалуу металл рынокторундагы соода сессиясынын убактысын алмаштырарын жазган эле.
Финансылык регулятор "жарандар менен компаниялардын эсептердеги жана АКШ доллары, евро түрүндөгү аманаты сакталган тейде турарын" белгилеген.
Жарандарга, уюмдарга ачкан эсебиндеги бул эки валюта менен турган каражаттарын берип турган (Россия банкы менен бекитилген) мурдагы режими сакталары да айтылган.
Центробанк россиялыктар менен россиялык компаниялар АКШнын чектөөлөрүнө карабай банк аркылуу долларды сатууну да, алууну уланта берерин маалымдады.
Кечээ, 12-июнда, АКШнын Финансы министрлиги Россияга карата жаңы санкциялардын пакетин киргизгендигин РИА Новости билдирген. Тизмеге Москва биржасы жана анын туунду компаниялары Улуттук эсеп-кысап депозитарийи жана Улуттук клиринг борбору да кирип калган. Бул окуялардан улам аталган биржа доллар, евро менен эсептешүүлөрүн токтотту.
Украинада атайын операция башталгандан тарта Батыш мамлекеттери Москвага санкциялардын жардамы менен басым жасоосун улантууда.
РФ президенти Владимир Путин Россияны алсыратуу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы болгонун, ал эми санкциялар дүйнөлүк экономикага олуттуу сокку урганын билдирген. Анын айтымында, Батыштын негизги максаты — миллиондогон адамдардын жашоосун оорлоштуруу. Россия обочолонуп калбайт, азыркы заманда мындай болушу мүмкүн эмес.
Батыштын өзүндө бул чектөөлөр майнапсыз экенин бир нече ирет белгилешкен. Москва антироссиялык санкциялар ийгиликсиз болуп калганын моюнга алууга Батыштын эрки жетпей жаткандыгын айткан.
Доллар, евро кымбаттап, рубль түшүүдө. Кыргызстанда курс кандай өзгөрүп кетти