Радио

Абдыжапарова: мектеп лагерлеринде балдардын коопсуздугу сакталат

Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин директорунун орун басары Жыргал Абдыжапарова мектеп лагерлеринин кызматкерлери медициналык кароодон өтүп, медициналык кабинеттерде жана оюн бөлмөлөрүндө аптечкалар даярдалганын айтты.
Sputnik
Борбордогу мектептерде ачылган жайкы лагерлер балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу, ден соолугун чыңдоо жана иш менен камсыз кылуу, кылмыштуулукту алдын алуу, ошондой эле кароосуз калган балдардын санын азайтуу максатында уюштурулду. Бул тууралуу Жыргал Абдыжапарова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, лагерлер шаардагы 37 мектепте иштеп, анын ичинен 31инде тамак уюштурулган.
"Мектеп лагерлеринде балдардын коопсуздугун Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин, Райондук билим берүү башкармалыктарынын жооптуу адистери жана милиция камсыз кылат. Анткени балдардын коопсуздугу биз үчүн маанилүү. Мектеп лагерлеринин мезгилинде балдардын маданий эс алуусу уюштурулду. Анда алар көркөм кол өнөрчүлүк, музыкалык, улуттук аспаптарда ойноо, туризм жана өлкө таануу багыттары боюнча иштерге катышат. Жалпысынан мектеп лагерлеринде сүрөт тартуу, шахмат, үй куруу, чийүү, кесүү, чаптоо, элдик аспаптарда ойноо жана кол өнөрчү, кийиз, шуру менен иштөө сыяктуу 70 ийрим уюштурулду", — деди Абдыжапарова.
Мындан тышкары, мектеп лагерлеринде массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн спорттук залдар даярдалганын кошумчалады.