Радио

Кыргызстанда дыйкандарга чегирткенин эки түрү коркунуч жаратат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин өсүмдүктөрдү коргоо жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Алакунов Кыргызстанда чегирткенин 50дөн ашык түрү бар экенин айтты
Sputnik
Кыргызстанда дыйкандарга коркунуч жараткан чегирткенин эки түрү бар. Булар үйүрлөшүп бат көбөйөт. Бул тууралуу Алмаз Алакунов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул эки түрдүн көбөйүүсүн алдын албаса айыл чарбасына олуттуу зыян келтирет.
"Илимдер академиясынын маалыматына ылайык, республикада чегирткенин изилденген 50дөн ашык түрү бар. Мындан сырткары, изилдене электери дагы кездешет. Алардын ичинен айыл чарбага, дыйкандарга өзгөчө коркунуч туудурган эки түрү катталган. Булардын айырмасы — үйүр түзүп, бат көбөйөт. Дагы бир өзгөчөлүгү — сугалак, булар тамак издеп жүрүп, үйүрү менен 100 чакырым алыстыкка учуп кете алышат. Калгандары үйүрлөшпөйт, айыл чарбага анча зыяны жок", — деди Алакунов.
Ошондой эле ал чегиртке каптаган толкун ар сегиз-тогуз жылда жогорку чекке чыгып, үч-төрт жыл кармалып, кайра азайып турарын кошумчалады.
Тема боюнча:
Базарларды текшерүүгө киргизилген мораторий жыл соңуна чейин узартылды