Кыргыз футбол союзу машыктыруучу Штефан Таркович менен келишимди узарткан жок

Машыктыруучунун келишими 30-июнда аяктайт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргыз футбол союзу улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович менен келишимди узарткан жок. Бул тууралуу союздан билдиришти.
1 / 2

Кыргыз футбол союзу улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович менен келишимди узарткан жок

2 / 2

КФСтин жетекчилиги ички кеңешүүлөрдөн кийин келишимди узартпоо чечимине келген. Союздун башчысы Камчыбек Ташиев Тарковичке аткарылган профессионалдык иши үчүн ыраазычылык билдирди

КФСтин жетекчилиги ички кеңешүүлөрдөн кийин келишимди узартпоо чечимине келген. Союздун башчысы Камчыбек Ташиев Тарковичке аткарылган профессионалдык иши үчүн ыраазычылык билдирди.
"Ташиев белгилегендей, машыктыруучунун ишке профессионалдуу мамиле жасаганынын айкын мисалдарынын бири — жеке кайгысына карабай командада калганы. Анын келишими 30-июнда аяктайт. Таркович менен бирге анын бардык машыктыруучулар штабы улуттук курама командадан кетет", — деди КФС.
Словакиялык машыктыруучу курама командага башкы машыктыруучу катары былтыр бекитилген. Анын тушунда команда Азия кубогунда ийгилик жарата албай, бирок 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоонун 3-туруна жолдомо алды.
Омандан олжолуу кайткан кыргыз футболчуларын Эдил Байсалов тосуп алды. Сүрөт