Омандан олжолуу кайткан кыргыз футболчуларын Эдил Байсалов тосуп алды. Сүрөт

Кыргызстандык футболчулардын ийгилиги тарыхтагы чоң жетишкендик болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Омандан олжолуу кайткан Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын "Манас" аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.
Белгилей кетсек, улуттук команда 2027-жылы өтө турган Азия кубогуна жана 2026-жылы өтчү дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү туруна жолдомо алган.
Байсалов спортчуларды, машыктыруучулар штабын жана Футбол федерациясын акыркы жетишкендиктери менен куттуктаганы айтылат.
"Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундуна чыгуу — учурда кыргыз футболунун тарыхындагы эң чоң ийгилик болуп калды. Биз өз командабыз менен сыймыктанабыз. Футбол өлкөбүздү бириктирип, шыктандырат", — деди ал.
Өкмөттүн өкүлү азыр Кыргызстанда улуттук курама команданы жогорку деңгээлде кармап турууга гана эмес, стадиондорду жана футбол аянтчаларын курууга, мектептерди ачууга, балдар жана массалык спортту өнүктүрүүгө ресурстар бар экендигин белгиледи.
Кубанып, секирип, сүйүнүп... Ташиевдин футбол оюнунан кийинки видеосу