Курман айтта кандай мал союлушу керек. Эске алчу эрежелер

Диний адистер Курман айтта ылаңдаган малды сойбош керектигин, курмандыкка чалган малдын этин сатууга болбой турганын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Быйыл Курман айт 16-июнда белгиленмекчи.
Адатта Орозо айтта курмандык чалынбаса да Курман айтта мал союу керектиги айтылып келет.
Sputnik Кыргызстан агенттиги муфтияттын берген маалыматына таянып Курман айтта курмандык чалынчу малды кантип туура тандоо керектигин тизмектеди.
Курман айт күнү курмандыкка эркек, ургаачысына карабай төө, уй, кочкор, кой, теке, эчки сойсо болот. Мындан башка малдын түрү курмандыкка жарабайт.
Майда жандык (кой, эчки) курмандыкка бир адамдын атынан гана союлат. Ал эми бодо малды бир же бир нече (эң көбү жети) кишинин атынан да союуга болот. Эгерде чогулган адамдардын арасынан биринин гана ниети курмандык эмес, башка максатта болсо ал кабыл болбой калат.
Ылаңдаган малды союуга болбойт.
Курмандыкка союлган малдын этин толук өзүнө калтырууга да, бардыгын таратып жиберүүгө да болот. Бирок этти үчкө бөлүп, бир бөлүгүн өзүнө, экинчи бөлүгүн муктаждарга, үчүнчү бөлүгүн чакырган конокторуна бышырып берсе деле жакшы.
Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт.
Курман айтта колдон келсе жетим-жесир, колунда жокторго жардам бериш керек. Курмандыкка чалынган малдын этинен бөлүшүп, таттуу-тарапа тараткан оң.
Бишкекте 16-июнь күнү эртең менен коомдук транспорт элди акысыз ташыйт