Ысык-Көлдө киберкылмыш жасап, акча адалдаган "туристтер" мекенине кайтарылды

Кытайдан келген 13 киши Кыргызстанга турист катары кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда киберкылмыштуулук жана кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген эл аралык трансулуттук кылмыштуу топтун мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Ага ылайык, Кытайдын 13 жаранынан куралган топ атайын иштелип чыккан программалар аркылуу киреше алуу максатында электрондук маалыматтарга уруксатсыз кирүү жана киберкылмыштардын изин жашыруу аркылуу эл аралык финансылык операцияларды жүргүзүгөн. УКМК мындай аракеттер Кытайда, Гонконгдо жана Малайзияда жашаган КЭР жарандарына карата жасалганын айтты.
1 / 3

Ысык-Көл облусунда киберкылмыштуулук жана кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген эл аралык трансулуттук кылмыштуу топтун мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды

2 / 3

Ага ылайык, Кытайдын 13 жаранынан куралган топ атайын иштелип чыккан программалар аркылуу киреше алуу максатында электрондук маалыматтарга уруксатсыз кирүү жана киберкылмыштардын изин жашыруу аркылуу эл аралык финансылык операцияларды жүргүзүгөн

3 / 3

УКМК мындай аракеттер Кытайда, Гонконгдо жана Малайзияда жашаган КЭР жарандарына карата жасалганын айтты

"Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандардан көп сандагы компьютер, телефон жана кытайлык банк карталары табылган. Текшерүү маалында потенциалдуу жабырлануучулардын тизмеси жана алардын ишенимине кирип байланыш түзө турган ыкмалардын алгоритми камтылган нускамалар аныкталган. Чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанга турист катары келип, бирок иш жүзүндө мыйзамсыз эмгектенип жүрүшкөн", — деп айтылат кабарда.
Аталган факт боюнча Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине маалымат берилгени белгилүү болду. Кармалган кытай жарандары жана далил буюмдар Кытай тарапка өткөрүп берилген.
Радио
Халил Ибрагим: киберкылмыштуулук менен күрөшкөн call-борбор иштей баштады