Чүйдө жалпы кубаттуулугу 65,87 МВт болгон чакан ГЭСтер курулууда. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Ысык-Ата, Сокулук жана Москва райондорунда чакан ГЭСтер курула баштады. Бул туура Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын жоюу аракеттери уланууда.
"Калктын саны менен кошо электр энергиясын керектөө да өсүүдө. Натыйжада өлкөдө өндүрүлгөн электр энергиясынын тартыштыгы жаралды. Андан чыгуу үчүн энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бул чара чакан ГЭСтерди курам деген инвесторлорго шарт түзүү, жер бөлүп берүү, тиешелүү уруксат берүүчү документтерди эртелетүү үчүн көрүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Ысык-Ата районунда:
Ысык-Ата-1 ГЭСи — кубаттуулугу 2 МВт;
Ысык-Ата-2 ГЭСи — кубаттуулугу 4 МВт;
Аманат энерго ГЭСи — кубаттуулугу 0,5 МВт.
Сокулук районунда Төш-Булак жана Асылбаш айылдарында курулуп жаткан чакан ГЭСтер:
Сокулук ГЭС №1 — кубаттуулугу 3,5 МВт, Төш-Булак айылы;
Сокулук ГЭС №2 — кубаттуулугу 2,4 МВт, Раззаков аймагында;
Сокулук ГЭС №3 – кубаттуулугу 6 МВт, Шавай аймагында;
Туюк — кубаттуулугу 4 МВт;
Сокулук №3 — кубаттуулугу 9,5 МВт.
Бул ГЭСтердин курулушу жылдын этегине чейин ишке берилери көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, быйыл бир катар кичи ГЭСтин курулушу башталары белгиленген.
Москва районундагы Ак-Суу капчыгайында курулуп жаткан чакан ГЭСтер:
ГЭС-1 — кубаттуулугу 3,65 МВт, башталышы – 2024-жыл;
ГЭС-2 — кубаттуулугу 7,17 МВт, башталышы – 2024-жыл;
ГЭС-3 — кубаттуулугу 11,31 МВт, башталышы – 2024-жыл;
Бултуке ГЭСи — кубаттуулугу 1,75 МВт, башталышы – 2024-жыл;
ГЭС-4 — кубаттуулугу 10,09 МВт, башталышы – 2024-жыл.
Ысык-Көлдө кубаттуулугу 7,5 мегаваттык Барскоон кичи ГЭСи курулат