БРИКС-2024 оюндарында Кыргызстандын намысын 100дөн ашуун спортчу коргойт

Оюнду РФ лидери Владимир Путин ачты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Россиянын Казань шаарында өтө турган БРИКС-2024 эл аралык оюндарына Кыргызстандан 100дөн ашуун спортчу спорттун 14 түрү боюнча катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иши министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, оюндар кечээ башталып, аны Россия лидери Владимир Путин ачкан.
Министрлик спорттук иш-чарага Кыргызстан ушу-саньда, ушу-таолу, самбо, каратэ-до, жеңил атлетика, сууда сүзүү, шахмат, байдарка жана каноэ менен сүзүү, бокс, көркөм гимнастика, күрөш, бел боо күрөшү, дзюдо, теннис боюнча катышарын белгиледи.
БРИКС-2024 оюндарында Кыргызстанды кошкондо 93 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, мелдеш 12-24-июнь аралыгында өтмөкчү. Ага жалпы жонунан 5000ге жакын адам катышары күтүлүүдө. Алар спорттун 27 түрү боюнча медалдын 387 комплекти үчүн ат салышат.
Гүлназ Жүзбаева жеңил атлетика боюнча Паралимпиадага жолдомо утту