Песков: Борбордук банк валюта рыногундагы туруктуулукту камсыздай алат

Шаршемби күнү АКШ Россияга каршы санкцияларын кеңейтип, чектөөлөр Москва биржасын, Улуттук клирингдик борборду жана Улуттук эсептешүү депозитарийин камтыды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Россиянын Борбордук банкы валюта рыногунда туруктуулукту камсыздай алат. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШнын Москва биржасына каршы киргизген санкцияларына комментарий берип жатып билдирди.
"Борбордук банк мегарегулятор, ал бардык рыноктордо туруктуулукту камсыздай алат", — деди Песков.
Россия санкцияларга жооп кайтаруу чаралары жөнүндө ойлонуп жатабы деген суроого "Москва өз кызыкчылыгына туура келгидей жооп кайтарууну ойлоп жатат" деп жооп берген.
Шаршемби күнү АКШ Россияга каршы санкцияларын кеңейтип, ал Москва биржасын, Улуттук клирингдик борборду жана Улуттук эсептешүү депозитарийин камтыды. Мунун фонунда доллар, евро жана гонконг доллары менен биржа соодасы токтотулуп, биржадан тышкаркы рынокко өткөрүлдү.
Мосбиржа доллар, евро менен соодасын токтотту. Чоо-жайы