Пресс-борбор

Борбор Азия өлкөлөрүнүн эки гана вектору бар. Кыргызстандык эксперттин пикири

Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Борбор Азия өлкөлөрүнүн эки так вектору бар, бул — Россия менен Кытай. Мындай пикири менен эл аралык мамилелер боюнча адис, тарых илимдеринин кандидаты, "Т. Усубалиев" фондунун алдындагы Саясий изилдөөлөр институтунун директору Эсен Усубалиев бөлүштү.
Эксперт "Борбор Азияда тамыры бекем тынчтыкты кантип орнотууга болот?" деп аталган видеокөпүрөгө катышкан.
Талкууда тарых илимдеринин доктору, Этноулуттук стратегиялар агенттигинин директору Александр Кобринский көп векторлуулукка токтогон. Анын айтымында, термин 30 жыл мурун пайда болуп, бул убакыт аралыгында көп нерсе өзгөрүүгө дуушар болду. Көп векторлуулук — бул мамлекеттик төңкөрүшкө карай жол. Мындан улам ар бир мамлекет өз векторун аныктап алышы керек, болбосо эки жактын тең көңүлүн бирдей алуу мүмкүн эмес.
Усубалиев "көп векторлуулук" саясаты көп учурда туура эмес кабылданарын, ал география саясатты аныктайт деген түшүнүктөн башат аларын белгиледи. Адистин айтымында, Борбор Азия мамлекеттеринин эки даана вектору бар, бул — Россия менен Кытай. Кийин буга Иран кошулушу мүмкүн. Калганы жалпы дүйнө менен ар тараптуу дипломатиялык жана саясий байланыштарды өнүктүрүү болуп саналат. Эксперт бул кадыресе көрүнүш деп эсептейт.
"Борбор Азиянын башка өнүгүү вектору болушу мүмкүн эмес, мисалы, Евробиримдик региондун энергетикалык коопсуздугун камсыздап бере алабы? Жок! Же АКШ Борбор Азияга газ менен нефть жеткирип, азык-түлүк маселесин чечип бере алабы? Жок! Биз Евразиянын чордонундабыз, же Россияны, же Кытайды көздөшүбүз керек. Калганы көп тараптуу дипломатия болот", — деди Усубалиев.
Пресс-борбор
Англосактар борбор азиялыктарды чабыштырууну көздөйт. Казак экспертинин пикири