Кечээ Бишкекте чагылган тийип көз жумган өспүрүм. Окуянын чоо-жайы

Бала ат таптаган саяпкердин уулу болгону айылды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кечээ Бишкектеги ат майданында чагылган тийип каза болгон адам 15 жаштагы өспүрүм экенин Ленин райондук ИИБден билдиришти.
"Кырсык тууралуу маалымат түшкөндөн кийин жерине ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн милиция тез жетип барган. Өспүрүм Тез жардам кызматы алып кеткенден кийин ооруканада үзүлгөн", — деп айтышты милициядан.
Кырсыктан кабары болгон адамдар көз жумган өспүрүм ат таптаган саяпкердин уулу болгонун айтышты.
Окуядан кийин Бишкек мэриясы маалымат таратып, ипподромду пайдаланганга болбойт деген талаптарга карабастан айрым жеке жактар ат таптап келишкенин билдирген.
Ошто чагылган тийген улан ооруканада көз жумду