14-июнга карата аба ырайы

14-июнга караган түнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. 14-июнь, жума күнү, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Талас аймагында +24...+29, Ош, Жалал-Абад облустарында +32...+37, Баткенде +31...+36, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +20...+25 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +27...+29, Ош шаарында +32...+34, Чолпон-Атада +22...+24 градуска жетет.
Радио
Кыргызстанда дыйкандарга чегирткенин эки түрү коркунуч жаратат