“Профессор” тасмасы кантип тартылды?

Sputnik
“Стоп-Кадр” программасынын бүгүнкү каарманы режиссер Саламат Иманов өзүнүн дебюттук толук метраждуу көркөм тасмасы болгон “Профессор” фильми тууралуу айтып берди. Бул тасма 13-июндан баштап Бишкектеги кинотеатрларда көрсөтүлүп баштамакчы. Ал буга чейин бир катар кинолордо тажрыйба топтогонун, аталган тасма анын алгачкы режиссердук эмгеги экенин белгиледи. Иманов бул тасма бардык адамдарга багытталганын, үй-бүлө мүчөлөрү барып, баары чогуу көрсө боло турганын айтты. Актердук курамды жалаң тажрыйбалуу адистер түзгөндүгүн белгилеген режиссер кинодогу жаш баланын ролун аткарган жаш актер чыгармачыл топту таң калтырганын белгилеп өттү.
Ошондой эле Иманов аталган фильм Токмокто тартылган, ал жак кино тартканга абдан ыңгайлуу экенин кошумчалады.