ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө эмгек миграциясында бир топ жеңилдиктер ишке ашты

Sputnik
Евразия экономикалык биримдигине мүчө беш өлкө өз ара юридикалык жана педагогикалык кесип боюнча дипломдорду тааныйт. Бул багыттын адистери беш өлкөнүн кайсынысында болсо да кайра окутуудан өтпөй эле иштеп кете алышат. Алдыда медиктердин жана фармацевттердин билимин тастыктаган документтерин бирдиктүү таануу боюнча маселе каралууда. Мындан сырткары беш өлкөнүн жарандары эмгек келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө иштеп жүргөн өлкөсүнөн чыкпай эле каттоосун узартып алса болот. Ошондой эле туристтик же башка максат менен ЕАЭБге мүчө мамлекетке кирип, бирок иштөө ыкласы болсо, жеринде максатын өзгөртү мүмкүнчүлүктөрү бар.
Евразия экономикалык биримдигинин 10 жылдыгынын алкагында биз аткарылып жаткан ушул жана башка маселелер тууралуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө кайсы медициналык адистер талап кылынарын Евразия экономикалык комиссиясынын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова менен баарлаштык.