Көрүүчүлөр билет таппай калууда. Орус драма театрынын ийгиликтери

Sputnik
Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театры акыркы учурда бир катар мыкты спектаклдерди өз репертуарына кошкон. 2023-жылы “Пиковая дама”, “Баба шанель”, “Любов и голуби” өңдүү 12 жаңы спектакль коюшкан. Ал эми 2024-жылдын башынан бери жаңы сегиз оюн көрүүчүлөргө тартууланды. Новосибирск шаарына гастролго барып ийгиликтүү кайткан театрдын программасы Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон Ала дөбөт" чыгармасынын негизинде коюлган мифологиялык поэма менен башталган.
Ал эми 2-3-июнда Александр Пушкиндин "Пиковая дама" повести боюнча фарс жана Владимир Гуркиндин "Любовь и голуби" лирикалык комедиясы коюлган. Бизде мейманда орус драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Алтынай Иманбекова болуп, ушул жана башка жасалып жаткан иштер тууралуу кенен маалымат берди. Ал 2025-жылдын сентябрында Новосибирск мамлекеттик академиялык "Красный факел" театры Кыргызстандын борборуна келерин кошумчалады.