Жаңылыктар. Чыгарылыш 07:00

Sputnik
"Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 24-апрелде кабыл алынган. Мыйзамга "жеке мобилдүүлүк каражаты" деген термин киргизилип, ага кыймылдаткычы бар транспорттор (электросамокаттар, электроскейтборддор, гироскутерлер, сигвейлер, монодөңгөлөктөр жана башка ушул сыяктуу каражаттар) кирген. Бул каражаттарды башкаргандар жол эрежелерин бузса 1000 сом айып салынат, мас абалында айдагандар 3000 сомго жазаланат.
Бишкектеги лабораториялардын биринен чыккан медициналык калдыктарды Бишкектеги полигонго ыргытып жүргөн ишкана аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай жосунга лицензиясы жок иштеп жүргөн медициналык калдыктарды жок кылуучу жеке ишканалар барган. Бул коркунучтуу оорулардын тарап кетүү ыктымалдуулугун күчөтөрү белгиленген. Ишкана айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн акы төлөбөй, бюджетке 37 миллион сомдон ашык зыян келтиргени айтылды. Атайын кызмат бул мыйзамсыз ишке лабораториянын тиешелүүлүгүн текшерип жатканы кошумчалады.
"Кыргызстан үчүн 100 идея" аталышындагы сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, сынак Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулуп, ага 14 жаштан 35 жашка чейинкилер катыша алат. Сынак IT-чөйрөсү Илим жана изилдөөлөр Медицина Экологияны сактоо Социалдык чөйрө Өндүрүштүк технологиялар жана өнөр жай инфратүзүмү Туризм жана коопсуздук номинациялары боюнча өткөрүлөт. Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылып, 2025-жылы КМШга мүчө мамлекеттердин "КМШ үчүн 100 идея" сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алат. Конкурска катышуу үчүн 30-июнга чейин "Жаштар инфо" сайтына табыштама берүү зарыл.
Израилдин бийлиги 7-октябрдан бери Газада жасалган адамзатка каршы аскердик кылмыштарга жооптуу. Бул тууралуу Палестинанын оккупацияланган аймагы боюнча БУУнун көз карандысыз эл аралык иликтөө комиссиясынын баяндамасында жазылганын РИА Новости кабарлады. Бириккен Улуттар Уюмунун комиссиясы Израилдин бийлигин "ачкачылык, жарандарга жана жарандык объектилерге атайылап сокку уруу, мажбурлап көчүрүү, сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүү, кыйноо жана ырайымсыз мамиле жасоо аракеттерин" согуш ыкмасы катары колдонгону үчүн жооптуу деп тапкан. БУУ ошондой эле Газадагы кыйроолор аларга карата максималдуу зыян келтирүү максатында жасалган стратегиянын натыйжасы экенин белгилеген.ХАМАС жана башка алты палестиналык куралдуу топтордун 7-октябрдагы аракеттери, ошондой эле Израилге жасаган ракеталык чабуулдары да аскердик кылмыш катары көрсөтүлгөн.