ЖК эмгек министри кызматына Жылдыз Полотованын талапкерлигин колдоду

Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеш Жылдыз Полотованын талапкерлигин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрине колдоп берди.
Жыйындын жүрүшүндө депутаттар бир катар суроолорду берип, сунуштарды айтышты. Анын ичинен Исхак Масалиев прокуратура майыптарга бөлүнгөн каражатты кымырган аткаминерлерди аныктаганы боюнча маалымат чыкканын айтып, бул ишке тиешеси бар-жогун тактады. Полотова бул боюнча тергөө бүткөндө министрлик кеңири маалымат таратарын айтып, өзүнүн тиешеси жок экенин билдирди.
Натыйжада анын талапкерлиги үчүн катталган 83 депутаттын 82си "макул" деп добуш берди.
Эске салсак, буга чейинки министр Гүлнара Баатырова 7-июнда кызматынан бошотулган. Министрдин милдетин убактылуу аткарып туруу үчүн Жылдыз Полотова дайындалган. 49 жаштагы Полотова буга чейин Баатырованын орун басары болуп иштеп келген.
Спикер Шакиев депутаттардан чет өлкөлүк сапарларды токтото турууну өтүндү