Жаштар арасында "Кыргызстан үчүн 100 идея" сынагы жарыяланды

Жеңүүчүлөр 2025-жылы КМШга мүчө мамлекеттердин "КМШ үчүн 100 идея" сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн — Sputnik. "Кыргызстан үчүн 100 идея" сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынак Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулуп, ага 14 жаштан 35 жашка чейинкилер катыша алат.
Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:
Креативдүү индустрия (IT-чөйрөсү);
Илим жана изилдөөлөр;
Медицина;
Экологияны сактоо;
Социалдык чөйрө;
Өндүрүштүк технологиялар жана өнөр жай инфратүзүмү;
Туризм жана коопсуздук.
Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылып, 2025-жылы КМШга мүчө мамлекеттердин "КМШ үчүн 100 идея" сынагына катышууга мүмкүнчүлүк берилет.
Конкурска катышуу үчүн 30-июнга чейин сайтына табыштама берүү зарыл. Маалымат алуу үчүн байланыш телефону: (312) 66 09 52.
Башкы прокуратуранын 100 жылдыгына карата сынак жарыяланды. Шарттары