Жээнбек Кулубаев россиялык кесиптешин бүгүнкү майрам менен куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу тышкы ведомстводон билдиришти.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кулубаев Россиянын ТИМ башчысын мамлекеттик майрам — Россия күнү менен куттуктады. Ошондой эле алар кыргыз-орус алакаларын өнүктүрүү жана эл аралык уюмдарда кызматташуусун талкуулашты.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер мындан ары да прогрессивдүү өнүгүп, чыңдаларына ишеним артышкан.
Көз караштарыбыз боюнча жакынбыз. Иманкуловдун Россия күнүнө карата сөзү