Спикер Шакиев депутаттардан чет өлкөлүк сапарларды токтото турууну өтүндү

Дүйшөмбүдөн баштап депутаттардын чет өлкөгө болчу сапарларына чектөө коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүнкү жыйынды ачып жатып, депутаттарга кайрылуу жасады.
Анын айтымында, дүйшөмбүдөн баштап депутаттардын чет өлкөгө болчу сапарларына чектөө коюлган.

"Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын аякташына бүгүнкүнү эсепке албаганда беш пленардык жыйын калды. Аларда өлкө, эл, мамлекеттин тагдыры үчүн кабыл алынчу мыйзам долбоорлору, маанилүү документтер бар. Алдын ала айтып коеюн, дүйшөмбүдөн баштап бардык чет өлкөлүк сапарларга чектөө коюлду. Өтө маанилүү бир-экөө эле болбосо бардыгын токтотобуз. Эч жакка чыкпайбыз", — деди Шакиев.

Төрага депутаттардан каникулга чейинки үч жумада активдүү иштеп берүүнү суранды.
Экзаменде отурган жокмун. Парламентте депутат менен министр айтыша кетти